super.kg logo
  Саясат  

Жоомарт Оторбаев өзүн өзү атып салган аскер кызматкеринин өлүмү боюнча Чек ара кызматына иликтөө жүргүзүүнү буюрду

 

КРнын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев Ала-Бука районунда өзүн өзү атып салган аскер кызматкеринин өлүмү боюнча Чек ара кызматына иликтөө жүргүзүүнү буюрду. Бул тууралуу бүгүн, 17-июнда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

“Адам – өлкөбүздүн негизги байлыгы. Жаш жигиттин өз ыктыяры менен жанын кыйганы кылдаттык менен иликтениш керек. Анализдердин жыйынтыгына ылайык, кызматка туруктуу шарттарды түзө албаган жетекчилер аныкталса, алар кызматтан бошотулушат. Күнөөлүүлөр жазага тартылышат”,- деди премьер-министр. Ал болгон окуяда жооптуу командирдин түз күнөөсү бар экенин баса белгиледи.

Белгилей кетсек, бүгүн, 17-июнда Ала-Бука районунда чек ара бөлүмүнүн аскер кызматкери өз жанын кыйды. Ал медициналык мекемеге жеткенче көз жумду. Мөөнөттүү аскердик кызматка 2013-жылдын күзүндө чакырылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: