super.kg logo
  Саясат  

Бийлик өкүлдөрү Алайда жол тоскондорду көндүрө алышкан жок

 

Бүгүн, 17-июнда Алай районунда Ош - Эркеч-Там жолун тоскондор менен вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев, өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов жана ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов жолугушту.

Жолугушууда Абдырахман Маматалиев жол тоскондордун талаптарын орундата албасын айтты. Бирок коюлган талаптарды өкмөт башчыга жеткире турганын билдирди. Муну Келдибековдун тарапташтарынын бири Жаркынбай Косонов билдирди.  

“Бийлик өкүлдөрү биздин талаптарыбызды аткара албай турганын айтышты. Бирок эртең, 18-июнда биз тараптан 5 киши өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев менен жолугушууга барат. Жолугушууну Абдырахман Маматалиев уюштуруп берерин убада кылды”,- деди ал.

Ал эми талаптар аткарылбаса, Ош - Эркеч-Там унаа жолу ачылбай турганын кошумчалады.  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: