super.kg logo

Баткен. Сүннөт тойдун акчасына курулган көпүрө колдонууга берилди

 
Баткендин Кадамжай районунун Бирлик айыл өкмөтүнүн Сырт айылы менен Сай айылын бириктирип туруучу жаңыдан салынган көпүрөнүн ачылышы болду. Бул тууралуу бүгүн, 18-июнда өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирди.
Ага өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жеңиш Разаков, Кадамжай районунун акими Акрам Мадумаров, ошондой эле жергиликтүү тургундар катышты.
Анда Жеңиш Разаков жергиликтүү жашоочуларды ынтымакка чакырып, элдин биримдиги, ынтымагы, жыргал жашоосу үчүн эч нерсе аябаган чыгаан инсандардын көп болушун каалап, кандай гана кыйынчылык болбосун бийлик өкүлдөрү менен элдин ортосунда ынтымак, биримдик болгондо гана бардык нерсени жеңип чыгарын айтып, курулган көпүрө элге кызмат кылсын деген тилегин кошумчалады.
Маалым болгондой, көпүрөнүн жалпы сметалык баасы 700 миң сомду түзүп, 60 тоннага чейинки жүктү көтөрө алган, мамлекеттик стандартка жооп берген көпүрө болуп саналат. Ал Сырт айылынын тургундары - бир туугандар Кеңешбек Исаков жана Назирбек Исаков тарабынан демилге көтөрүлүп курулду.
Алар балдарына сүннөт той кылуу үчүн топтогон акчаны ушундай соопчулук ишине жумшоону туура көрүшүп, тойго кетүүчү акчага эки айылды бириктирүүчү көпүрө салышканын айтышкан. Аларга облус башчысы ыраазычылыгын билдирип өттү.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(6)
18.06.2014. 10:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Азамат жигиттер экен.Копуро салуу ото чон сооп иш болуптур
18.06.2014. 11:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Аллах раазы болсун. Ысраптан баш тартуучуларга улгу болсун.
18.06.2014. 11:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алла ыразы болсун. депутаттар млион акча которсо дагы бир тратуар курганга жарабайт. Азаматсынар.
18.06.2014. 21:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эгер окмот курганда, сметасын 700 мин эмес, 7 миллион кылып тузмок! Азаматтар Кыргыздын анык атуулдары деп ушуларды айт!
19.06.2014. 19:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
700мин эмес 200миндик эле болсо керек стандартка жоон бербейт 60тоннага чейинки жукту эмес 30 тоннаны да которо албайтко ХХХ ХХХ ХХХ ишенбесенер барып деле коргуло
Модератор admin_portal түзөттү 20.06.2014 12:05
20.06.2014. 12:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Almanbet.kg - эскертүү!
Сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерге жазылып жөнөтүлүшү керек.
Маалыматты дагы тактаганга аракет кылабыз.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: