super.kg logo

Жалал-Абаддын Базар-Коргон райондук архитектура жана мамлекеттик каттоонун башчысын кызматтан кетирүү талабы коюлду

 
17-июнда Базар-Коргон районундагы Базар-Коргон айыл өкмөтүндө элдик жыйын болуп өттү. Бул тууралуу бүгүн, 18-июнда Абдыкадыр Жолчиев билдирди.
Анда турак жай маселеси каралып, Базар-Коргон райондук архитектура жана мамлекеттик каттоонун башчысын кызматтан кетирүү талабы коюлду. 
Жыйынга район акими, күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү жана 500гө жакын жашоочу катышты.
Базар-Коргон айыл округунун башчысы Абдыкадыр Жолчиев: "Район аймагында 450 кожолук турак жайынын документин ала албай жаткандыгы жыйында айтылды. КРнын Өкмөтүнүн ушул жылдын 25-февралындагы «Сугат-айдоо жерлерине 2009-жылдын 31-июлуна чейин мыйзамсыз курулуп кеткен жеке турак үйлөрдү тактоо» жөнүндөгү мыйзамын кээ бир кызматтар аткарбай жаткандыгын тургундар айтышты",- деди.
Ошону менен катар элдик жыйындын жыйынтыгында Райондук архитектура жана шаар куруу башкармалыгынын жана Жерге жайгаштыруу, кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынын башчыларын кызматтан алуу талабы тийиштүү тараптарга сунушталып, токтом кабыл алынгандыгын кошумчалады.
Кошумчалай кетсек, 120 миңден ашык калкы бар район аймагында учурда 15 миңге чукул жаран жер тилкесин алууга кезекте турат.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: