Ошто бала бакчанын чатырларын жаңылоо, темир дарбаза орнотуу, айланасына брусчатка төшөө боюнча тендер өткөрүлдү



17-июнда Достук-2 аймактык кеңешинде "Жибек" №1-балдар бакчасынын 3 жайкы верандасын жана чатырларын, тосмолорун жаңылоо, темир дарбаза орнотуу, айланасына брусчатка төшөө боюнча тендер өткөрүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 18-июнда мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Ага жалпысынан 9 фирма катышты. Тендердин жыйынтыгы комиссиянын текшерүүсүнөн кийин 2 жума аралыгында чыгарылат.
Ал эми тендер шаар башчысынын буйругунун негизинде ачык-айкын, коомчулуктун жана ММКнын өкүлдөрүнүн катышуусунда өттү.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:53
2025-07-07
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.