super.kg logo

Бишкекте балдардын «Сары-Өзөн чолпондору» фестиваль-сынагынын гала-концерти өтөт

 

Бүгүн, 18-июнда А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера-балет театрында «Сары-Өзөн чолпондору» фестиваль-сынагынын гала-концерти өтөт. Бул тууралуу КРнын Өкмөтүнүн Чүй облустук өкүлчүлүгүнүн социалдык бөлүмүнүн башчысы Марат Адамкулов билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган фестиваль-сынак март айынан тарта Чүй облусундагы айыл аймактарында өткөрүлүп келген. "Бул иш-чаранын максаты - эл арасындагы таланттарды чыгаруу жана аларга улуттук маданий мурастарды таанытуу. Жалпысынан аталган фестиваль-сынакка 4-18 жашка чейинки 12 миңден ашык бала катышты. Мына ошолордун арасынан 35 номинант тандалып алынды. Бүгүн гала-концертте көрүүчүлөр алардын өнөрүнө күбө боло алышат",- дейт Марат Адамкулов.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: