super.kg logo
  Саясат  

Дамира Ниязалиеванын жаштарга жыныстык жактан билим берүү демилгесине депутаттар каршы чыгышты

 

Бүгүн, 18-июнда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында “Жарандардын тукум улоо укуктары жана аларды ишке ашыруунун кепилдиктери жөнүндө” мыйзамдын долбоору каралып жатат. Бирок көпчүлүк депутаттар “Жарандардын тукум улоо укуктары жана аларды ишке ашыруунун кепилдиктери жөнүндө” мыйзам долбооруна каршы чыгышты.

Демилгечилердин бири депутат Дамира Ниязалиева бул мыйзам долбоорун кабыл алуу учур талабы экенин айтты. “Элибизге керектүү мыйзам, эч кандай саясат жасабаңыздар. Канча тегерек столдор болду, баары колдоп жатышат”,- деди ал.

Төрага орун басары Төрөбай Зулпукаров бул мыйзам долбооруна каршы чыкты. “Бул мыйзам долбоору таптакыр биздин менталитетке туура келбейт. Каршы добуш берүүгө чакырам”,- деди.

Кесиптешинин бул каршылыгын башка депутаттар да колдоого алышууда. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: