super.kg logo
  Саясат  

Алмазбек Атамбаев АКШ президентинин жардамчысы Селест Уолландер менен пикир алышты

 

Бүгүн, 18-июнда өлкө башчы Алмазбек Атамбаев АКШ президенти Барак Обаманын атайын жардамчысы, АКШнын Улуттук коопсуздук кеңешинин Орусия жана Евразия бөлүмүнүн директору Селест Уолландерди кабыл алды. Жолугушууда Кыргызстан жана АКШнын ортосундагы кызматташуу боюнча актуалдуу маселелер талкууланды. Ошондой эле региондук коопсуздук маселелер боюнча сөз болду.

Селест Уолландер президентке Ооганстандагы коалициянын иш-аракетин колдогондугу үчүн ыраазычылык билдирди жана жакында Кыргызстандагы ишин аяктаган "Манас" транзиттик ташуулар борборунун региондук коопсуздукка кошкон салымын белгилеп өттү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: