super.kg logo
  Саясат  

Эльвира Сариева бийик тоолуу аймактар боюнча так аныктама киргизүү керектигин айтты

 
Бүгүн, 18-июндагы бийик тоолуу аймактардагы жеткиликтүүлүктүн шарттарын изилдеген мекемелер аралык комиссиянын кезектеги отурумунда вице-премьер-министр Эльвира Сариева бийик тоолуу аймактар боюнча так аныктама киргизүү керектигин айтты.

"Бул маселе боюнча өкмөткө жергиликтүү калк жана ЖКнын депутаттары бир нече жолу кайрылышкан. Жумушчу топ кийинки аптадан баштап райондордун бийиктигин, жеткиликтүүлүгүн аныктоо үчүн аймактарга жөнөп кетиши керек эле. Маселе аягына чейин иликтенбегендиктен, көйгөй чечилбей турат",- деди Эльвира Сариева.

Отурумдун жүрүшүндө Транспорт жана коммуникация министрлигине кыска убакыттын ичинде аймактардын орун алышын аныктоо боюнча тапшырма берилди. Аныктаманын негизинде жарандарга жеңилдиктерди берүү маселеси жөнгө салынып, тургундарга тиешелүү укуктар берилет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: