Жогорку Кеңештин депутаттары сентябрдан баштап атайын чиптер менен добуш берүүгө өтүшөт
Жогорку Кеңештин депутаттары 1-сентябрдан тартып атайын чиптер менен гана добуш бере башташат. Муну бүгүн, 18-июнда төрага Асылбек Жээнбеков парламенттин жалпы жыйынында айтты. Айтымында, депутаттар биринин атынан бири добуш берүүдөн алыс болушат, ошондой эле чипти саймайынча каттоодон өтө алышпайт.
“Буюрса, 1-сентябрдан тартып ар бир депутатка бирден чип берилет. Чипти даярдоо үчүн атайын тендер жарыяланган. Учурда алар даярдалууда”,- деди төрага.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:59
2025-07-19
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
0

