Парламент Сауд Арабиянын элчилигинин имаратын курууга Бишкектен 2 гектар жер бөлүп берүү тууралуу макулдашууну колдоду
Бүгүн, 18-июнда Жогорку Кеңеш “Кыргызстан өкмөтү менен Сауд Арабия өкмөтүнүн ортосундагы Сауд Арабия элчилигинин имаратын Кыргызстанда куруу үчүн жер тилкесин берүү шарттары жөнүндө макулдашууну ратификациялоо туурасында” мыйзам долбоорун үчүнчү окууда колдоду.
Мыйзам долбооруна ылайык, Кыргызстан Сауд Арабия тарапка Бишкек шаарынын Тынчтык проспектиндеги жерлерден 49 жылга пролонгация шарты менен 20 000 чарчы метр жер тилкесин берет. Ал эми Сауд Арабия кыргыз тарапка Эр-Рияд шаарынын дипломатиялык кварталынан 49 жылга пролонгация шарты менен 6340 чарчы метр жер тилкесин берип, анын курулуш иштерине кайтарымсыз негизде 3 миллион АКШ доллары өлчөмүндө каржылык жардам бермекчи.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:59
2025-07-19
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
0

