super.kg logo
  Саясат  

Эсептөө палатасынын төрайымы өткөн жылы каржылык мыйзам бузуулар Билим берүү министрлигинде көп болгонун айтты

 

Бүгүн, 18-июнда парламенттин жыйынында Эсептөө палатасынын төрайымы Элмира Ибраимова: “2013-жылы эсептик мыйзам бузуулар Билим берүү жана илим министрлигинде көп катталган”,- деп билдирди. Айтымында, өзгөчө мыйзам бузуулар министрликтин маяна берүү тартибинде катталган. “2013-жылдагы текшерүүлөргө караганда, эң эле көп каржылык мыйзам бузуу Билим берүү министрлигинде, андан кийин Транспорт жана коммуникация министрлигинде жана Бажы кызматында болгон. Билим берүү жана илим министрлигинде 115,8 миллион сом, Транспорт жана коммуникация министрлигинде 114,5 миллион сом, Айыл чарба жана мелиорация министрлигинде 102,0 миллион сомдук мыйзам бузуу фактысы катталган”,- деди ал. 

Ибраимова 2013-жылы текшерүүнүн жыйынтыгында жалпы каржы тартибин бузуунун көлөмү 1 миллиард 585 миллион сомду түзгөнүн кошумчалады. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: