super.kg logo
  Саясат  

Асылбек Жээнбеков: "Биз кыска убакыттын ичинде бардык жат көрүнүштү жеңе албайбыз, бирок күрөштү улантуу зарыл"

 

Жогорку Кеңештин 18-июндагы жыйынында Эсептөө палатасынын төрайымынын 2013-жылдагы иши жөнүндө отчёту угулуп жатканда төрага Асылбек Жээнбеков Эсептөө палатасы бир жылдын ичинде жакшы иштерди жасаганын айтты.

Спикердин айтымында, Эсептөө палатасынын ишинде кемчиликтер да арбын. "Эч качан идеалдуу иш болбойт, кемчиликтер дагы абдан көп экенин ачык айтыш керек. Биз кыска убакыттын ичинде бардык жат көрүнүштү жеңе албайбыз, бирок туташ жүргүзүлгөн күрөштү мындан ары да улантуу зарыл",- деди ал.

Төрага мамлекеттин үлүшү бар акционердик коомдорду жөн эле текшере бербей, алардын натыйжалуулугуна да көңүл бурууга чакырды. "Бүгүн көпчүлүк министрликтердин түзүмү натыйжалуу эмес, бул жаатта реформа жүргүзүү зарыл. Болбосо мамлекеттик корпорациялар, мамлекеттик үлүшү бар акционердик коомдор ишти оңдобой, уурдалып кете берет. Мындай ишканалардын жетекчилигинин жоопкерчилиги жок. Ушул багытта чогуу ойлонушубуз керек",- деп кошумчалады парламент жетекчиси.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: