super.kg logo
  Саясат  

"Мамлекеттик кызмат жөнүндө" мыйзамга түзөтүү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоору боюнча парламенттик угуу өтөт

 

Жогорку Кеңештин Регламент жана депутаттык этика боюнча комитети "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" КРнын мыйзамына толуктоо жана өзгөртүү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоору жана Жогорку Кеңештин депутаты Исмаил Исаков тарабынан демилгеленген "Кызмат адамдарынын айрым категорияларына Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары активдерге ээ болууга тыюу салуу жөнүндө" жана "КРнын айрым мыйзам актыларына толуктоо жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоорлору боюнча парламенттик угуу өткөрөт. Муну 19-июнда ЖКнын маалымат кызматы билдирди. 

Парламенттик угууда мамлекеттик кызматта турган жарандардын мүлктүк укуктарын коргоого багытталган, ошондой эле Кыргыз Республикасынын саясий жана атайын мамлекеттик кызмат орундарын ээлеген кызмат адамдарына Кыргыз Республикасынын аймагынан сырткары активдерге ээ болууга тыюу салууга байланышкан түзөтүүлөр боюнча талкуу болот. Ага депутаттар, өкмөт өкүлдөрү, эксперттер жана башкалар катышат. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: