super.kg logo
  Саясат  

Кыргызстанда айылдарды адамдардын ысымы менен атоого тыюу салынат

 

Жогорку Кеңеште бүгүн, 19-июнда "КРнын айрым мыйзам актыларына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоору каралып, экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Мыйзам долбооруна ылайык, Жер кодексине, “Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө”, “Муниципалдык кызмат жөнүндө”, “Аксакалдар соттору жөнүндө”, “Шаар куруу жана архитектура жөнүндө”, “Салттуу билимдерди коргоо жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө”, “Мугалимдин статусу жөнүндө”, “Салыктык эмес төлөмдөр жөнүндө”, “Ичүүчү суу жөнүндө” жана башка мыйзамдарга түзөтүү киргизилгени жатат.

"2010-жылы КРнын Конституциясынын жаңы редакциясы кабыл алынып, бир катар мыйзамдарга өзгөртүүлөр менен толуктоолор киргизилди. Мисалы, азыр "шаар тибиндеги калктуу конуш" деген түшүнүк жоюлуп, алар шаарга же айылга айланды. Андан сырткары "жергиликтүү кеңеш", "айыл аймагы", "КРнын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу өкүлү" деген жаңы түшүнүктөр киргизилди. Ошондуктан мыйзамдарда камтылган айрым түшүнүктөрдү бири-бирине шайкеш келтирүү зарылчылыгы пайда болду",- дейт депутат Наталья Никитенко.

Ошону менен бирге административдик аймактар менен жергиликтүү кеңештердин аталыштарын адамдардын ысымы менен атоого тыюу салынат. Ал эми мурда аталып калган аймактардын аталыштары кала берет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: