super.kg logo

Түштүк Корея "Манас" тууралуу тасма тартат

 

"Манас. Семетей. Сейтек" үчилтиги ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастарынын атайын тизмесине киргизилгенден бери эл аралык коомчулуктун кызыгуусун арттырып келүүдө. Жакында түштүк кореялык эксперттер "Манас" тууралуу тасма тартып, өз өлкөсүндөгү телеканалдардан көрсөтүү алдында турушат. Тасмага манасчылар катышып, тартуу иштери "Манас Ордо" комплексинде жүрөт. Мындай жагымдуу маалымат менен бүгүн, 19-июнда КРнын ЮНЕСКО иштери боюнча Улуттук комиссиясынын басма сөз кызматы бөлүштү.

Маалыматка ылайык, тасма ЮНЕСКОнун иштери боюнча КРнын Улуттук комиссиясы менен Азия-Тынч океандык эл аралык маалыматтык борбору түзгөн долбоордун алкагында тартылмакчы. Мындан сырткары бул долбоордун негизинде бир катар семинарлар өткөрүлүп, Түштүк Кореянын эксперттери менен маданий мурастарды документтештирүү боюнча тажрыйбалар алмашылмакчы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: