super.kg logo
  Саясат  

Украинанын Луцк шаарында Орусиянын президенти Путиндин кейпин акыркы сапарга узатышты

 
Бүгүн, 19-июнда Украинанын Луцк шаарынын борборунда активисттер Орусиянын президенти Путиндин кейпин жасап, аны акыркы сапарга узатуу зыйнатын өткөрүштү. Бул тууралуу бүгүн чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, ача жыгачка костюм кийгизүү менен Путиндин кейпин жасашкан. Андан соң анын костюмунун бир чөнтөгүнө арак, ал эми экинчи чөнтөгүнө "Өлүмдөн кийинки жашоо" деген китепчени салып коюшкан. Жанына болсо өлгөндө коюлуучу гүлчамбарларды коюшкан.
"Мен "Путлердин" чөнтөгүнө атайын "Өлүмдөн кийинки жашоо" деген китепти салып койдум. Анткени ал бул китепти окуп чыгышы керек, тиги дүйнөдө эмне болорун билип алсын",- дейт коомдук активист Андрей Мошковский
Активисттердин айтымында, Путиндин бул кейпи 40 күн турат. Андан соң өрттөлөт. Ага чейин шаардын тургундары ага чириген жашылча-мөмөлөрдү алып келип, жанына коюп кетишет.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: