super.kg logo
  Саясат  

Парламентте Аба кодексин өркүндөтүүгө багытталган мыйзам долбоору каралды

 

Бүгүн, 19-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында “КРнын Аба кодексине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору каралды. Демилгечилердин айтымында, мыйзам долбоору Кыргызстандагы аба мыйзамдарын жакшыртуу, Эл аралык жарандык авиация уюмунун эксперттеринин сунуштарын аткаруу жана эл аралык практика менен гармонизациялоо үчүн киргизилген. “Мыйзам долбоорун кабыл алуу менен аба мыйзамдарынын айрым беренелериндеги так эместиктер четтетилет”,- дейт депутат Нарынбек Молдобаев. Киргизилип жаткан толуктоолор менен аэродромдун ээсине көрсөтүлгөн мөөнөттө бардык аэродромдорго техникалык тейлөөнүн программаларын иштеп чыгууну жана ишке киргизүүнү, Кыргызстан аэродромдорунда аба кемелеринин коопсуздугун, натыйжалуулугун жана үзгүлтүксүздүгүн камсыз кылууга багытталган чараларды кабыл алууну милдеттендирет. 

Мыйзам долбоору экинчи жана үчүнчү окууларда добуш берүүгө жөнөтүлдү. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: