super.kg logo
  Саясат  

Ош. Алмазбек Атамбаев эстакадалык көпүрө Орусия берген акчага куруларын айтты

 

Эстакадалык көпүрөнү курууга керектүү акча каражаттары Орусия тарабынан Ош шаары жана Ош облусуна жардам катары жөнөтүлүүчү каржы каражаттарынан бөлүнөт. Муну өлкө башчы Алмазбек Атамбаев бүгүн, 19-июнда жумушчу сапарынын алкагында Ош шаарындагы эстакадалык көпүрөнүн курулушунун жүрүшү менен таанышууда айтты.

Президенттин аппараты билдиргендей, мамлекет башчысы Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаевге Ак-Буура суусу аркылуу көпүрөнүн курулушун 2015-жылдын орто ченинде бүтүрүү зарылдыгы жөнүндө айтты.

Ал эми Навои көчөсү боюнча Ак-Буура дарыясы аркылуу эстакадалык көпүрө куруу үчүн 699 миллион сом сарптоо пландалган. Бирок финансылык негиздөө жана бюджетте керектүү каражаттын жоктугунан бул көпүрөнүн курулушу токтоп турган.

Эскерте кетсек, Орусия менен Кыргызстан 29-майда "Өнүктүрүү" фондун түзүүнү макулдашкан. Ага ылайык, Орусия 1 миллиард доллар каражат бөлүүнү чечкен. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: