super.kg logo
  Саясат  

"Кыргызстандын мамлекеттик жана мамлекеттик эмес карызы жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү кирди

 

Президент Алмазбек Атамбаев "КРнын мамлекеттик жана мамлекеттик эмес карызы жөнүндө" мыйзамга кол койду. Жогорку Кеңеш тарабынан 2014-жылдын 24-апрелинде кабыл алынган мыйзамдагы өзгөртүүгө ылайык, "КРнын мамлекеттик жана мамлекеттик эмес карызы жөнүндө" мыйзамынын 5-беренесинин 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалат:

"Мамлекеттик карыздын жол берилүүчү эң чоң өлчөмү ички дүң продукциянын өлчөмүнөн ашпоого тийиш, ал эми мамлекеттик тышкы карыздын өлчөмү ички дүң продукциянын өлчөмүнүн 60 пайызынан ашпоого тийиш. Мында мамлекеттик карыздын өлчөмүнө карата чечим ар жыл сайын тиешелүү жылга КРнын республикалык бюджети жөнүндө мыйзамды бекитүүдө Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынат".

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: