Жоомарт Оторбаев "жергиликтүү тургундарда инвесторлорго карата ишенбестик бар" деди
“Кыргызстанда жергиликтүү тургундар тоо-кен тармагындагы инвестициялык долбоорлорго терс мамиле кылгандыгы өкүндүрөт”,- деди бүгүн, 19-июнда Бишкекте өткөн тегерек столдо премьер-министр Жоомарт Оторбаев. Анын айтымында, буга чейин инвесторлорго туура мамиле жасоо багытында бир топ семинарлар өткөрүлгөн. “Тилекке каршы, жергиликтүү тургундарда инвесторлорго карата ишенбестик бар. Анткени мурда тоо-кен долбоорлору ачык-айкын жүргүзүлчү эмес. Ачык айтканда, коррупциялык жолдор менен жүргүзүлгөн”,- деди өкмөт башчы.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:59
2025-07-19
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
0

