super.kg logo
  Саясат  

Парламент Улуттук банктын 2013-жылкы ишин "канааттандырарлык" деп тапты

 

Бүгүн, 19-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов банктын 2013-жылдагы иши жөнүндө отчёт берди.

Абдыгуловдун айтымында, Улуттук банк акча-насыя саясатын кылдат жүргүзүү аркылуу 2012-жылы андан мурдагы жылга салыштырмалуу банк жүгүртүмүндөгү каражатты 2,5 миллиард сомдон 3,5 миллиард сомго чейин көбөйтүп, инфляция өлчөмүн 7,5 пайыздан 4 пайызга чейин төмөндөтө алды. Ал эми резерв фондуна 2 миллиард доллар көлөмүндө каражат топтолду.

"Азыркы кезде 71 миллиард сом акча жүгүртүлүп жатат. Кыргызстанда 24 коммерциялык банк бар, анын ичинде 10 банк чет өлкөлүк каржы уюму болуп саналат. Коммерциялык банктар насыя катары сомду 16-30 пайыз, долларды 17 пайыз үстөк менен берет. Улуттук банк 2013-жылы инфляцияны кармап туруу багытында 14 миллиард доллар каражат жумшаган",- деди Абдыгулов.  

Жыйынтыгында депутаттар тарабынан айтылган сунуш-пикирлерди эске алуу менен Улуттук банктын төрагасынын 2013-жылдагы иши тууралуу отчёту “канааттандырарлык” деп табылды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: