super.kg logo
  Саясат  

Темирбек Асанбеков Жети-Өгүз районунун тургундары менен жолугушуп, социалдык-экономикалык көйгөйлөрдү талкуулады

 
"Мекен ынтымагы" саясий партиясынын төрагасы Темирбек Асанбеков Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун айылдарында жергиликтүү тургундар менен жолугушту. Бул тууралуу 19-июнда аталган партиядан маалымдашты.
Жолугушуу Жети-Өгүздүн Тосор, Тамга, Барскоон, Кичи-Жаргылчак, Чоң-Жаргылчак, Ак-Терек, Жеңиш, Дархан, Саруу, Оргочор, Боз-Бешик, Светлая Поляна, Шалбаа, Ак-Дөбө, Мундуз, Аң-Өстөн, Чырак, Кабак, Липенко, Жети-Өгүз айылдарында болду. Жалпысынан бул районго караштуу айылдардын 90 пайызына барып, жашоочулар менен пикир алышканга жетишти. 
Көптөгөн суроолор социалдык-экономикалык багытта болду. Тагыраак айтканда, "Кумтөр" маселеси, "Ошто газ качан болот?", "Быйыл суунун деңгээли аз, кышында кандай болот, жарык өчөбү?", "Кургакчылык болуп, эгиндерге суу жетпей жатат, кандай чара көрсө болот?" деген сыяктуу маселелер көтөрүлдү. 
"Эл менен жолугушууларды өткөрүп жатканда алдын ала пландалган жолугушууларды болтурбоо үчүн айрымдары элди келбөөгө үгүттөгөн сыяктуу жагымсыз көрүнүштөр болду" деп айтылат маалыматта.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: