Чек ара аймактарында жашагандар үй-мүлкүн кыргызстандыктарга гана сатууга милдеттендирилет
Бүгүн,
19-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар “Кыргызстандын айрым чек
ара аймактарына өзгөчө статус берүү жана аларды өнүктүрүү жөнүндө” КРнын
мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу” мыйзам долбоорун карашты. Мыйзам долбоорун өкмөт демилгелеген. Ага ылайык, өзгөчө статус берилген чек ара аймактарында жашаган тургундар үй-мүлкүн кыргызстандык жарандарга гана сата алышат. Кыймылсыз мүлктөрүн чет өлкөлүк жеке жана
юридикалык жактарга сатууга тыюу салынат.
Автор: Жамалидин Парманкулов
Мыйзам үчүнчү окууда кабыл алынды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:59
2025-07-19
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
0

