Өкмөткө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинде кадрдык өзгөрүүлөр болду
Өкмөткө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинде кадрдык өзгөрүүлөр болду. Тийиштүү жарлыкка премьер-министр Жоомарт Оторбаев кол койду.
Автор: Айпери Ганыжан кызы
Ага ылайык Таалайбек Сабиров менен Шухрат Сабиров Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары кызматынан бошотулушту. Ал эми Данияр Шейшеканов менен Руслан Тагаев аталган мекеменин директорунун орун басарлары болуп дайындалышты. Бул тууралуу 19-июнда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:59
2025-07-19
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
0

