super.kg logo
  Саясат  

Эльвира Сариева ооругандар үчүн орун даярдай бербей, ден соолукка кам көрө турган системге өтүү керектигин айтты

 

Бүгүн, 19-июнда КРнын Вице-премьер-министри Эльвира Сариева саламаттыкты сактоо, билим берүү министрлери, Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчилери менен чогулуш өткөрдү. Анда өкмөт тарабынан колдоо тапкан 2020-жылга чейин калктын ден соолугун бекемдөө жана сактоо стратегиясын ишке ашыруу маселеси талкууга алынды. 

"Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматына ылайык, ден соолуктун чың болушунун 10 пайызы саламаттыкты сактоо системинен көз каранды. Ал эми 90 пайызы муундан муунга өтүүчү факторлор, айлана-чөйрөнүн абалы жана адамдын жашоосунун мүнөзүнөн көз каранды. Калктын ден соолугу медицина менен чектелип калбаш керек, бул маселе адам баласынын ишмердүүлүгүнүн бардык тармактарына тиешелүү. Биз оорулуулар үчүн орундарды жасай берсек, эртең эч ким иштебей, баары ооруканада жатып калышы мүмкүн",- деди Эльвира Сариева.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: