Соттук иштерге катышуучулардын толук келүүсүн камсыз кылуу милдети тергөөчүлөргө жүктөлмөй болду
Кыргызстанда мындан ары соттук иштерге катышуучулардын толук келүүсүн камсыздоо иши тергөөчүлөргө жүктөлөт. Тийиштүү мыйзамды Жогорку Кеңеш 19-июнда кабыл алды. Демилгечи - депутат Тынчтык Шайназаров. Шайназаров буга чейин Кыргызстанда катышуучулардын соттук отурумдарга толук келбегенинен улам 10 миңдей иш каралбай сейфте жатканын айткан эле. "Тергөөчүлөр сотко катышуучулардын кайсы жерде жашаарын жакшы билишет, отурумга катышуучуларды алып келүүнү тергөөчүлөргө берели",- деген эле демилгечи.
Автор: Автандил Добулбеков
Мыйзам эми президенттин кол коюусуна жиберилет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:59
2025-07-19
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
0

