super.kg logo
  Саясат  

"Кыргызстанда унду милдеттүү түрдө байытуу зарыл" дейт депутат Ниязалиева

 

Кыргызстанда нан унун байытуу (витаминдештирүү) боюнча мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү депутат Дамира Ниязалиева сунуштап жатат. Мыйзам долбоору учурда парламенттин талкуусунда. 

Демилгечинин айтымында, ЖК тарабынан 1-окууда кабыл алынган аталган мыйзам долбоору республиканын бардык ун ишканаларын унду этап-этабы менен байытууга милдеттендирет. Муну менен Кыргызстандын бүтүндөй калкынын ден соолугуна кам көрүлөрү айтылды.  

"Жалпы калктын байытылган унга кеңири жетишин камсыз кылуу үчүн унду милдеттүү түрдө байытуу зарыл. Импорттолуп жаткан ундардын байытылган-байытылбаганын текшерүү жыйынтыктарына жетишүү керек. Унду байытуу ишинде өндүрүшчүлөрдүн жоопкерчилигин жогорулатуу зарылдыгы мыйзам долбоорунда бекемделип жатат",- дейт 19-июнда "Парламент" радиосундагы маегинде депутат Дамира Ниязалиева.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: