"Кудайберген" базарында иштегендер өкмөт башчы Жоомарт Оторбаевдин сыртка чыгышын талап кылышууда
Митингге чыккан соодагерлер өкмөт башчы Жоомарт Оторбаевдин сыртка чыгуусун талап кылышууда.


Митингге чыккан соодагерлер өкмөт башчы Жоомарт Оторбаевдин сыртка чыгуусун талап кылышууда.

Милиция кызматкерлеринин көзмөлүндө турушат.

"Кудайберген" базарынын ээси Эльвира Сурабалдиева төрт жылдын аралыгында контейнерлердин ижара акысын 2 эсеге жогорулатып жиберген.

Маселе чечилбесе, экономика министри Темир Сариевдин отставкасын талап кылышарын айтышты.

Акцияга чыккандардын көбү жаш жигиттер болду.

Өкмөт башчынын кеңешчисине соодагерлердин 7 өкүлү кирип чыкты.










Бишкекте бүгүн, 20-июнда Өкмөт үйүнүн алдына митингге чыгышкан "Кудайберген" базарынын соодагерлери премьер-министр Жоомарт Оторбаевдин сыртка чыгып, чогулгандар менен сүйлөшүүсүн талап кылып жатышат. Алар базардагы соода орундарына ижара акынын кымбатташына нааразы болушууда.
Бүгүн митингге чыккандардын 7 өкүлү Жоомарт Оторбаевдин кеңешчиси менен сүйлөшүп чыгышты. Алардын бири Азиз Жамгырчиев: “Премьердин кеңешчиси кабыл алды, бирок эч кандай жыйынтык чыккан жок”,- дейт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:59
2025-07-19
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
0

