super.kg logo
  Саясат  

Кыргызстанда айыл имамдарына мамлекеттен айлык бөлүп берүү сунушталууда

 

"Кыргызстандагы бардык айыл имамдарына мамлекеттик кызматкер катары айлык берүү керек". Мындай сунушту бүгүн, 16-январда Бишкекте өткөн диний билим берүүнү көзөмөлдөө боюнча өткөн тегерек столдо Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин теология факультетинин деканы Суат Жебежи билдирди. Анын айтымында, мамлекет диний билим берүү менен алектениши керек, ошондо гана ийгилик жаралат. Декан ошондой эле мектептерге диний билим берүүнү киргизүүнү сунуштап, ал эркин болуусу керек, исламга ишенгендер ислам дини боюнча, христиан динине ишенгендер ошол дин боюнча билим алуусу керек деди. Анын пикиринде, эч бир адам өзү ишенбеген дин боюнча окубашы керек. “Эгер ар ким өз ишеними боюнча диний билим алса, анда маселе жаралбайт” деп кошумчалады теолог. “Түркияда 100 миңден ашык имам мамлекеттен айлык акы, кийин пенсия алышат. Бир гана алардын диний жогорку билим берүүчү мамлекеттик окуу жайларды бүтүргөндүгү жөнүндө диплому болушу талап кылынат” деп мисал келтирди декан. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: