super.kg logo
  Саясат  

Жогорку Кеңештин 25-26-июнундагы жыйындарынын күн тартиби бекитилди

 

Жогорку Кеңештин Координациялык кеңеши бүгүн, 20-июнда парламенттин 25-26-июнундагы жыйындарынын күн тартибин бекитти.

Жогорку Кеңеш кийинки аптада Кыргызстан менен "Айыл чарбасын өнүктүрүү" Эл аралык фондунун жана "Майда жер ээлерин адаптациялоо" программасы боюнча "Айыл чарба трастык" фондунун ортосундагы "Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү – II" долбоорун каржылоо жөнүндө" макулдашууну, КРнын Өкмөтү менен Тажикстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы "Эл аралык автомобилдик катнаш жөнүндө" макулдашууну ратификациялоо маселелерин карайт.

Жогорку Кеңештин жыйынынын күн тартибине "КРнын сот системин 2014-2017-жылдары өнүктүрүү" мамлекеттик багыттуу программасынын долбоору, "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө" КРнын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоору киргизилди.

Мындан сырткары "Бишкек шаарында 2012-жылдын 23-августунда кол коюлган "Түрк маданияты жана мурасы" фондунун жобосун ратификациялоо жөнүндө", "КРнын жарандарын биометрикалык каттоо жөнүндө", "Жаныбарларды индентификациялоо жөнүндө" жана башка бир катар мыйзам долбоорлорун карайт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: