super.kg logo

Жылнаама, 22-июнь: Мындан 73 жыл мурун Улуу Ата Мекендик согуш башталган

 
* Мындан 73 жыл мурун, 1941-жылы Улуу Ата Мекендик согуш башталган. Фашисттик Германия Советтер Союзуна каракчылык менен кол салып, кандуу согушта 30 миллионго жакын советтик адам набыт болгон.
* Мындан 73 жыл мурун, 1941-жылы акын Турар Кожомбердиев Жайыл районунун Сары-Булак айылында туулган. 1959-жылдан баштап ырлары мезгилдүү басма сөз беттерине басыла баштаган. Биринчи ырлар жыйнагы 1961-жылы "Көлчүктөгү ай" деген ат менен басмадан чыккан. Кыргыз тилинде 20га жакын, орус жана башка тилдерде 5 жыйнагы жарык көргөн. Н.Думбадзенин "Мен күндү көрүп турам" деген повестин жана В.Незвалдын ырларын кыргыз тилине которгон. "Кызыл алма" жана "Таңкы симфония" ырлар жыйнактары үчүн республиканын Ленин комсомолу сыйлыгын алган. Көптөгөн ырларына обондор чыгарылган.
* Мындан 67 жыл мурун, 1947-жылы айтылуу “Кавказ туткуну же Шуриктин жаңы окуялары” тасмасында мыкты роль жараткан советтик актриса Наталья Варлей Констанца шаарында төрөлгөн. 1950-жылдардын аягында борбор калаага келген. Балалыгында дарыгерлер ден соолугуна байланыштуу актрисага спорт менен алектенге тыюу салышкан. 12 жашында циркке барып, атайын курска жазылган. Акробатика курсун ийгиликтүү аяктап, 1965-жылы цирктеги труппанын катарына кошулган. Циркке көрүүчү катары келген режиссёр Варлейге "Күн желенин формуласы" аттуу тасмага тартылууну сунуштаган. 1967-жылы “Кавказ туткуну" тасмасынан кийин көрүүчүлөрдүн сүймөнчүлүгүнө ээ боло алган. 
22-июнда Кыргызстанда жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.

кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: