Бишкекте адам укуктарын ишке ашыруу темасында форум өтөт
Бишкекте 23-июнда Адам укуктары боюнча кеңеш парламенттин Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш комитети менен бирге адам укуктарынын корголушу боюнча форум өткөрөт. Форумдун темасы: “Кыргыз Республикасында адам укуктарын ишке ашыруу чөйрөсүндөгү мамлекет менен жарандык коомчулуктун өз ара аракети. Кыргыз Республикасында 2013-жыл үчүн адам укуктары боюнча “Ар жылдыктын” сунуштамаларын аткаруу”.
Автор: Автандил Добулбеков
Максаты - жыйнакта каралган маселелердин жана көйгөйлөрдүн алкагында мамлекеттик органдар менен жарандык коомчулуктун ортосунда конструктивдүү маек куруу, Кыргызстанда адам укуктарын сактоо жана коргоо жаатында иштелип чыккан сунуштамаларды ишке ашырууга мониторинг жүргүзүү.
Жыйынга депутаттар, президенттик аппараттын өкүлдөрү, өкмөт мүчөлөрү, Кыргызстандагы элчиликтердин жана консулдуктардын, өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү жана “Ар жылдык – 2013түн” авторлору катыша турганын ЖКнын маалымат кызматы билдирди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:59
2025-07-19
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
0

