super.kg logo

Ош - Сары-Таш - Эркеч-Там унаа жолуна түшкөн жер көчкүнүн 40 метри тазаланды

 
Алай районундагы Ош - Сары-Таш - Эркеч-Там унаа жолуна түшкөн жер көчкүнүн 40 метри тазаланды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 23-июнда билдирди.
Маалыматтарга караганда, Алай районунда 2014-жылдын 20-июнь күнү саат 14:00 чамасында Ош - Сары-Таш -Эркеч-Там унаа жолунун 167-чакырымында, тактап айтканда,Талдык ашуусунда көлөмү болжол менен 8960 куб метр (узундугу 80 метр, бийиктиги 8 метр, туурасы 14 метр) болгон таш көчкү түшүп, унаа жолу убактылуу жабылган. Тазалоо иштерин “Ош - Сары-Таш - Эркеч-Там” жол башкармалыгынан 3 жүктөгүч, 4 самосвал, 1 экскаватор жана 1 кран жүргүзүүдө. Азыркы убакта 2 тараптан биригип унаа жолдун 40 метр аралыгы тазаланганы белгилүү болду. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: