super.kg logo
  Саясат  

Жогорку Кеңештин депутаттары бүгүн Францияда "демократия боюнча өнөктөш" статусун ыйгаруу жөнүндө сертификатка кол коюу аземине катышышат

 

Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков баштаган делегация 23-24-июнда Страсбург шаарында (Франция) өтүүчү Европа кеңешинин Парламенттик ассамблеясынын (ЕКПА) жайкы сессиясынын ишине катышат. Жайкы сессиянын алкагында Кыргызстанга ЕКПАнын "демократия боюнча өнөктөш" статусун ыйгаруу жөнүндө сертификатка кол коюу аземи болот.

ЖКнын басма сөз кызматы билдиргендей, мындай статуска ээ болуу Кыргызстандын ЕКПА жана Европа кеңеши менен парламенттик демократияны бекемдөө, мыйзам базасын өркүндөтүү, мамлекеттик башкаруу органдарын реформалоо жаатындагы кызматташтык мамилелерин кеңейтет.

ЕКПАнын жайкы сессиясынын алкагында төрага А.Жээнбеков ЕКПАнын төрайымы Анн Брассер, Европа Кеңешинин башкы катчысы Торбьер Ягланд, Европа кеңешинин башкы катчысынын орун басары Габриэлла Баттаини-Драгони, Кыргызстан боюнча баяндамачы, адистер тобунун лидери Андреас Гросс менен жолугушат.

Ошондой эле Кыргызстандын делегациясы ЕКПАнын Саясий маселелер жана демократия боюнча комитетинин, Миграция, качкындар жана көчүрүлгөн адамдар боюнча комитетинин ишине катышат.

Парламенттик делегациянын курамында депутаттар Асия Сасыкбаева менен Нургазы Айдаров бар.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: