super.kg logo
  Саясат  

Осмонбек Артыкбаев: "Үч фазадан алынуучу электрдин баасы 1-июлдан тарта кымбаттайт"

 

Бир фазалуу электр эсептегич колдонгон абоненттерге тариф 70 тыйын боюнча гана калтырылат. Бул тууралуу парламенттеги Социалдык саясат комитетинин 23-июндагы жыйынында белгилүү болду. Комитетте 2014-2017-жылдарга электр энергиясына Кыргызстандын орто мөөнөттүү тарифтик саясатынын долбоору жөнүндөгү өкмөттүн сунушу каралды. 

Жыйында энергетика жана өнөр жай министри Осмонбек Артыкбаев баяндама жасады. Анын айтымында, комитеттин кароосуна коюлган документтерде бир фазалуу электр эсептегичтерди колдонгон абоненттер үчүн тариф быйылкы жылга 70 тыйындан көтөрүлбөйт, бирок кийинки жылдары инфляцияга жараша жогорулатуу ченемдери жазылган. Ошол эле учурда ага дагы жаңы түзөтүүлөр кошумчаланып жаткандыгын билдирди. 

Президент Алмазбек Атамбаев берген принципиалдуу сунушка жараша бир фазалуу эсептегич колдонгон абоненттерге тариф 70 тыйын боюнча гана калат. Ал эми мындай мүмкүнчүлүктөн колдонгондор жалпы керектөөчүлөрдүн 96 пайызын түзөт. Калган 4 пайызды түзгөн керектөөчүлөр үч фазалуу эсептегичтерди колдонгондор. Аларга 1-июлдан тартып 1 сом 20 тыйын деп белгиленип жатат. Бул КРнын Монополияга каршы агенттигинин бекитип берген ченеми”,- дейт Артыкбаев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: