super.kg logo
  Саясат  

Депутаттар энергетика министри Осмонбек Артыкбаевден электр энергиясы боюнча баалардын расмий тастыктамаларын талап кылышты

 

Бүгүн, 23-июнда парламенттеги Социалдык саясат комитетинин жыйынында 2014-2017-жылдарга электр энергиясына Кыргызстандын орто мөөнөттүү тарифтик саясатынын долбоору жөнүндөгү өкмөттүн сунушу каралды. Жыйында энергетика жана өнөр жай министри Осмонбек Артыкбаев баяндама жасады. Депутат Дамира Ниязалиева энергетика жана өнөр жай министри Осмонбек Артыкбаевден расмий тастыктамаларды талап кылды.

Биздин колубузга жеткен документте "инфляцияга ылайык, электр энергияга болгон тариф жогорулайт" деп жазылган. Ал эми азыр сиз айткан өзгөртүүлөр кагаз жүзүндө эч жерде жок. Киргизилген алымча-кошумчаларды тактап келген соң, маселени кийинки жыйында карайлы”,- деди Ниязалиева.

Вице-премьер-министр Эльвира Сариева билдиргендей, өкмөт тарифтерди жогорулатуудан мурда калктын аялуу катмарына каралуучу жеңилдиктерди эсептеп чыккан. Ошого жараша 115 миң үй-бүлөгө атайын жеңилдиктер каралат. Андан тышкары камсыздандыруу лимитин жайкы мезгилде 150-300 кВт, ал эми кышкысын 300-600 кВт жогорулатуу багытында документтер даярдалып жаткандыгын билдирди.

Талкуу соңунда 2014-2017-жылдарга электр энергиясына карата орто мөөнөттүү тарифтик саясаттын долбоору жөнүндөгү КР Өкмөтүнүн сунушун парламенттин кароосуна алып чыгуу чечими кабыл алынды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: