super.kg logo

Бишкектеги Улуттук китепканада орус акыны Анна Ахматованын 125 жылдыгына карата көргөзмө ачылды

 

Бишкектеги Улуттук китепканада орус акыны Анна Ахматованын 125 жылдыгына карата көргөзмө ачылды. Бул тууралуу бүгүн, 24-июнда аталган китепкананын басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, көргөзмөгө акындын 2 томдук дил баяны, биографиялык материалдар, күндөлүктөрү, ыр жыйнактары коюлат. 

Белгилей кетсек, Анна Ахматова 1889-жылы 11-июнда Одессада деңиз инженеринин үй-бүлөсүндө жарыкка келген. Анын алгачкы ыр жыйнагы 1912-жылы "Вечер" деген аталышта жарык көргөн. 

Анна Ахматова 1966-жылы 5-мартта бул жарыкчылык менен коштошкон. Анын сөөгү Ленинграддагы Комарово шаарчасына коюлган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: