super.kg logo
  Саясат  

Жогорку Кеңеш: Коррупцияга каршы күрөшүү комитети өкмөттүн отставкасын талап кылды

 

Жогорку Кеңештин Коррупцияга каршы күрөшүү комитетинин 23-июндагы жыйынында 2013-жылдын сентябрынан 2014-жылдын июнь айына чейин комитеттин ишмердүүлүгүнүн отчёту жана кабыл алынган чечимдердин аткарылышы талкууланды. Бул аралыкта комитетке 207 кайрылуу түшүп, 20 жыйын өтсө, 34 маселе талкууга алынган.

Комитет төрагасы Анарбек Калматов кабыл алган чечимдерди өкмөт аткарбай жатканын айтты. Депутат Ташполот Балтабаев коррупцияга каршы күрөш мамлекеттеги негизги багыт катары жарыяланганына карабай буга өкмөт жоопкерчиликсиз мамиле жасап жатканын белгиледи. Айтымында, парламент тарабынан түзүлгөн комиссиянын жыйынтыктары, берилген сунуштар жана кабыл алынган чечимдер өз мөөнөтүндө аткарылбай жатат. "Бул маселе өкмөттүн алдыдагы приоритеттүү багыты катары күн сайын чара көрүлүшү зарыл болчу",- дейт Балтабаев.

Депутат Туратбек Мадылбеков мамлекеттик органдарда коррупциялык көрүнүштөр арбын экендигин, каражаттар натыйжасыз жумшалып жатканын кошумчалады. "Мына ушундай түшүнүктөн арылбасак, өлкөбүздүн оңолушу кыйын. Ошондой эле айрым токтомдор мыйзамдаштырылган коррупцияга жол ачууда. Биз мындай фактыларды далилдеп, көрсөтүп, өкмөткө жиберсек деле эч кандай иштер жүргүзүлбөй жатат",- деди комитет төрагасы.

Жыйында коррупцияга каршы күрөшүүдө Жогорку Кеңештин чечимдерин өз убагында аткарбагандыгы жана жоопкерчиликсиз мамилеси үчүн өкмөт менен кошо анын аппаратын отставкага кетирүү жана аны палатага алып чыгуу чечими кабыл алынды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: