super.kg logo

Бүгүн Бишкекте 75 бүтүрүүчүгө артыкчылык аттестаты салтанаттуу тапшырылды (фоторепортаж)

 
Камералык оркестр салтанаттуу иш-чарага келгендерди жагымдуу ыргактары менен тосуп алды.
Аземдин ачылышында ак бий тартууланды.
75 бүтүрүүчүгө даярдалган медалдар.
Иш-чарага Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов, вице-мэр Айгүл Рыскулова, шаардык кеңештин депутаты Марат Аманкулов, мектептин директорлору, ата-энелер жана бүтүрүүчүлөр катышты.
Толкунданып отурушкан бүтүрүүчүлөр.
Иш-чаранын алып баруучулары.
Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов жана шаардык кеңештин депутаты Марат Аманкулов куттуктоо сөзүн сүйлөп жатышат.
Бүтүрүүчүлөргө өзгөчө үлгүдөгү аттестат тапшырылууда.
Бүтүрүүчүлөргө өзгөчө үлгүдөгү аттестат тапшырылууда.
Бүтүрүүчүлөргө өзгөчө үлгүдөгү аттестат тапшырылууда.
Бүтүрүүчүлөргө өзгөчө үлгүдөгү аттестат тапшырылууда.
Бүтүрүүчүлөргө өзгөчө үлгүдөгү аттестат тапшырылууда.
Бүтүрүүчүлөргө өзгөчө үлгүдөгү аттестат тапшырылууда.
Бүтүрүүчүлөргө өзгөчө үлгүдөгү аттестат тапшырылууда.
Бүтүрүүчүлөргө өзгөчө үлгүдөгү аттестат тапшырылууда.
Салтанаттын жүрүшүнөн.
Салтанаттын жүрүшүнөн.
№4-мектеп-гимназиясынын бүтүрүүчүсү Эльзат Мамытканова.
Салтанаттын жүрүшүнөн.
Салтанаттын жүрүшүнөн.
Салтанаттын жүрүшүнөн.
Иш-чарада чакан концерттин программа уюштурулду.
Иш-чарада чакан концерттик программа уюштурулду.
Иш-чарада чакан концерттик программа уюштурулду.
Бүтүрүүчүлөрдүн атынан сүйлөгөн Бегимай Саитова.
Бүтүрүүчүлөр эстеликке сүрөткө түшүп жатышат.
Бүтүрүүчүлөр эстеликке сүрөткө түшүп жатышат.
Бүтүрүүчү Фарида Каныбек кызынын апасы Асел Кубанычбек кызы (солдон биринчи).
Бүтүрүүчүлөр чогуу калаа башчысы менен сүрөткө түшүштү.
Бүтүрүүчүлөр мугалимдери менен.

Бүгүн, 24-июнда Бишкектеги А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера-балет театрында 2013-2014-окуу жылын артыкчылык менен аяктаган 75 мектеп бүтүрүүчүсүнө өзгөчө үлгүдөгү аттестат тапшыруу салтанаты өткөрүлдү. Иш-чарага Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов, вице-мэр Айгүл Рыскулова, шаардык кеңештин депутаты Марат Аманкулов, мектептин директорлору, ата-энелер жана бүтүрүүчүлөр катышты. Аземдин жүрүшүндө калаа башчысы бүтүрүүчүлөрдү куттуктап, аларга жаркын келечек каалады.

“Сиздер учурда жакшы каалоо-тилектерди кабыл алып жатасыздар. Бул бекеринен эмес. Балалыкты артка калтырып, турмуштун узак жолуна бет алдыңыздар. Бул жерде жаштардын элитасы турасыздар, ошондуктан сиздер менен сөзүбүз олуттуу болот. Сиздердей адамдарга чындыкты айтуу зарыл. Турмуштун чындыгы ачуу, жашоодо ийгиликке жетише албай, адилетсиздикке кабылып, кайгырган учурлар да болот. Мындай учурда күчтүү эрк, кажыбас кайрат гана бардык кыйынчылыктарды жеңе алат. Сиздер менен бирге өлкөбүз, сүйүктүү Бишкек шаарыбыз кыйынчылыктарды жеңерине ишенем”,- деп белгиледи куттуктоо сөзүндө Кубанычбек Кулматов.

“Бүгүнкү күн мен үчүн сыймык. Анткени күнү-түнү талыкпай окуган кызым өзгөчө үлгүдөгү аттестаттын ээси болуп отурат. Бул мугалимдердин талыкпас эмгегинин үзүрү. Мына ушул инсандар таланттуу, ийгиликтүү, максаттуу жаштарды тарбиялап келишет. Ошондуктан мен ардактуу кесиптин ээлери болгон мугалимдерге ыраазычылык билдиргим келет”,- дейт бүтүрүүчүнүн апасы Асел Кубанычбек кызы.

“Бизди бактылуулукка жеткирген инсандар - биздин ата-энелер жана ардактуу агай-эжелер. Биздин инсан болуп калыптануубузга алар эбегейсиз салым кошкон. Бизге берген таалим-тарбия, билим үчүн аларга абдан ыраазыбыз. Келечекке кадам таштап жатып, кийинки муундун балдарына бактылуу балалыкты, коомубуздун өнүгүп-өсүшүнө чоң салым кошуп, жаркын келечек үчүн иштээрибизге ишенебиз. Ошондой эле өзүбүздүн аракетибизди айтып кетүү керек. Бул жерде отурган ар бир окуучу 11 жыл бою өзүнүн эң жакшы сапатын көрсөтүү менен ушундай жыйынтыкка жетишишти. Урматтуу артыкчылык аттестатынын ээлери, биздин алдыбызда эң чоң жоопкерчилик турат. Ошондуктан мындан аркы жашообузда андан чоң ийгиликтерге жетишип, коомдун өнүгүшүнө салым кошкон асыл инсандардан болууга чакырам”,- деп бардык бүтүрүүчүлөрдүн атынан Бегимай Саитова куттуктап өттү.

Кошумчалай кетсек, иш-чарада чакан концерттик программа уюштурулду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
24.06.2014. 13:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Былтыркы кече сонун болгон. Ресторанда дуйум тамактар, жаш шайыр ырчылар менен кошо. Кулматов акчасын аяган экен.
24.06.2014. 13:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кечиресинер го бирок тиги Айгул рыскулова беле и ошол айым, анан анын жанындагы эки эжекелер, кийиминерге асылайын деген ой жок, но кантесинер кыйчалаштыра отурсанар деле болмок! Тем более жаш бутуруучлордун алдында. Кийим-кечеге да караш керек да кичине же отурганда туз отуруш керек. ушул айымдын суроттору коп экен, "эркекче" отурган озу.
24.06.2014. 14:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Брэд, аркы екоо жакшы еле отурушат. Берки еже мини кийгенге алдынкы катарга отурганга жараша талтайбай отурса болмок екен. Бир аз кымтыланып.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: