super.kg logo

1942-жылы берилген "Оскар" статуэткасы аукциондо 79 200 долларга сатылды

 
1942-жылы "Менин кызым Сэл" аттуу тасманын сүрөтчү-коюучусу Жозеф Райтка берилген "Оскар" статуэткасы аукциондо 79 200 долларга сатылды. Бул тууралуу бүгүн, 24-июнда америкалык маалымат каражаттары жазып чыгышты. 
Маалыматка ылайык, бул сыйлыктын ээси, сүрөтчү-коюучу Жозеф Райт 1985-жылы каза таап, статуэтка анын жээнине мураска калган. Аукцион үйүнүн башчысы анын ысымын ачыкка чыгаруудан баш тарткан.
"Аукцион үйүнүн эксперттери бул статуэтканын баасын алгач 5 миңден 30 миң долларга чейин баалашты. Аукциондун биринчи күнүндө эле статуэтканын баасы 32 миң долларга көтөрүлдү. Баасы улам өсүп отуруп, жыйынтыгнда 79 200 долларга сатылды. Мындай ири суммага сатылышы анын 1942-жылы берилгендигинде болуп жатат. Анткени Кинематография академиясы 1950-жылдан кийин берилген статуэткаларды 1 доллардан сатып алуу чечимин чыгарган. Бул чечим Жозеф Райттын статуэткасына тиешеси жок",- дейт аукцион үйүнүн жетекчиси.
Белгилей кетсек, бул статуэтканын бийиктиги - 34,3 сантиметр, салмагы - 3,9 килограмм. Алгачкы статуэткалар колодон жасалган. Учурда "Оскардын" статуэткаларын Чикагодогу "R.S.Owens&Company" компаниясы жасап, аларга 24 карат алтын жалатылат.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: