super.kg logo
  Саясат  

Баткен: Тажикстан Тажикон айылынан өтчү жолду өзү куруп, өзүнүн балансына алуу шартын коюуда

 

Тажикстан Тажикон айылынан өтчү жолду өзү куруп, өзүнүн балансына алуу шартын коюуда. Бирок кыргыз өкмөтү буга макул эмес. Муну бүгүн, 24-июнда SUPER.KG порталына өкмөттүн чек арадагы делимитация иштери боюнча атайын өкүлү Курбанбай Искандаров билдирди. Айтымында, узундугу 7 чакырымды түзгөн бул жолду Кыргызстан өзү курмакчы.

“19-июнда эки тараптуу сүйлөшүүдө алар Тажикстандын Тажикон айылын айланып курула турган жолду өзүбүз куруп, өзүбүздүн баланска алалы деп сунушташты. Биз ага каршыбыз, жолду өзүбүз куруп, Тажикон айылын аралабай турган шартта салабыз деген маселени койдук. Ошондой эле аны 2 чакырымга кыскартуу сунушун да бердик. Биздин сунушту кенен карап чыгуу чечимин кабыл алышкан. Кийинки аптада бир жообун берет”,- дейт Искандаров.

Искандаров бул жол курулушу башталып, токтоп турган Көк-Таш - Ак-Сай - Тамдык жолуна кирбей турганын кошумчалады. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: