Кыргызстанда "Шериктештиктин балдары" аттуу II эл аралык маданий-агартуу форуму өтөт
26-июндан 1-июлга чейин Ысык-Көл жээгинде "Шериктештиктин балдары" аттуу II эл аралык маданий-агартуу форуму өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 24-июнда ЖКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, ЖКнын Эл аралык иштер боюнча комитетинин төрага орун басары Бахтияр Кадыров маалымат жыйыны учурунда билдирген.
Анын айтымында, форумдун негизги максаты - КМШ өлкөлөрүнөн чыккан таланттуу окуучулардын жана жаштардын башын бириктирип, аларды нравалык, маданий мурастарды сактоо жана өркүндөтүү боюнча тажрыйба алмаштыруу. Аталган форумга Кыргызстан, Орусия, Казакстан, Тажикстан, Беларусь, Азербайжан жана Өзбекстандын лидер балдары катышып, алар экологиялык маселелерди чечүүгө даярдаган долбоорлорун сунушташмакчы.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-07-04

19:23
2025-07-02
17:23
2025-07-02
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.