super.kg logo

Кыргыз калемгерлери Азербайжан Жазуучулар союзунун мааракесине катышып келишти

 

17-18-июнда Баку шаарында Азербайжан Жазуучулар союзунун 80 жылдык мааракеси эл аралык масштабда белгиленди. Ага Түркия, АКШ, Орусия, Кыргызстан баштаган 19 мамлекеттин өкүлдөрү катышты. Жыйын баш калаанын Мамлекеттик опера жана балет театрында өтүп, Азербайжандын жана Түрк элдеринин жазуучулар бирлигинин тең төрагасы Анар Рза алып барды. Салтанат улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовду бир мүнөттүк туруп эскерүүдөн соң мамлекеттик гимн ойнолуу менен ачылды. Бул тууралуу бүгүн, 24-июнда "Кыргызстандын жаңы адабияты" коомунун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бул мааракеге Кыргыз эл акыны, Түрк элдеринин жазуучулар бирлигинин тең төрагасы Омор Султанов, белгилүү акын Жедигер Саалаев жана Түрк элдеринин “Евразия” жазуучулар бирлигинин мүчөсү, жазуучу Айдарбек Сарманбетов катышып келди.

Жыйында Омор Султанов куттуктоо сөз сүйлөп, адабият жаатындагы урунттуу ойлорун ортого салды. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: