super.kg logo

Жылнаама, 25-июнь: Мындан 5 жыл мурун дүйнөлүк поп музыканын падышасы Майкл Жексон 50 жашында көз жумган

 
* Мындан 77 жыл мурун, 1937-жылы легендарлуу актёр, КРнын Эл артисти Болот Бейшеналиев Чүй боорундагы Кемин районунун, Чоң-Кеминдин Калмак-Ашуу айылында туулган. Ташкенттеги А.Островский атындагы Театралдык-көркөм институтун бүтүргөн. Эмгек жолу "Кыргызфильм" студиясында башталган. Эң алгачкы ролду "Тайгак кечүү" фильминде аткарган. Кыргыз мамлекеттик драма театрында иштеген. Өмүрүндө 103 кинофильмде роль аткарган. Болот Бейшеналиев 2001-жылы 17-ноябрь күнү 64 жаш курагында кайтыш болгон. Бул күнү киноискусствосунун 60 жылдыгы белгиленип, столдо отурганда капысынан жүрөк оорусу кармап калган.
* Мындан 5 жыл мурун, 2009-жылы дүйнөлүк шоу-бизнес, дүйнө эли поп музыканын падышасы Майкл Жексон 50 жаш курагында Лос-Анжелестеги үйүндө каза болгон. Поп жылдыз ооруну сездирбөөчү дарыны ашыкча ичип алганы белгилүү болгон. Майкл Жексон 1958-жылы 29-августта Гэри (Индиана штаты, АКШ) шаарында туулган. Үй-бүлөдө жетинчи бала болгон. Ата-энеси Жозеф жана Кетрин Жексондор балдарын катуу тартипте кармашкан. Чыгармачылыкты Майкл 1964-жылы баштаган. 1969-жылдан тарта ал топ эл оозуна алынып, дүйнө жүзүнө тараган. 1985-жылы "Thriller" деген альбому жарык көргөн. Ошол альбому 104 миллион диск менен чыгып, дүйнө жүзү боюнча эң көп нускалуу альбом болуп, "Гиннесс" китебине кирген.
* Мындан 384 жыл мурун, 1630-жылы АКШда биринчи жолу тамактанууда ашкана айрысы колдонулган. Мындай айры менен эң алгач губернатор Уинтроп Рокфеллер тамак ооз тийген. 
 
25-июнда Кыргызстанда жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.

кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: