Бүгүн Бишкек шаардык кеңешинин кезектеги сессиясында 11 маселе каралат
Бүгүн, 25-июнда Бишкек шаардык кеңешинин кезектеги ХIII сессиясы өтөт. Анда 11 маселе каралат.
Алардын ичинен негизги маселелер булар: Бишкек шаардык кеңешинин токтомдорунун жана протоколдук буйруктарынын аткарылышы боюнча отчёту, 2014-2018-жылга Бишкек шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн “Ачык мүмкүнчүлүктөрдүн шаары” аттуу программасын кабыл алуу жана “Тазалык” муниципалдык ишканасынын иши боюнча отчёту.
Мындан тышкары аталган сессияда балдар жана өспүрүмдөрдүн жайкы эс алуу маселеси да талкууланат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:59
2025-07-19
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
0

