super.kg logo
  Саясат  

Асылбек Жээнбеков: "Биз шайлоолорду ачык-айкын өткөрүү зарылдыгын жакшы билебиз"

 

Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков 24-июнда Страсбург шаарында Европа кеңешинин башкы катчысынын орун басары Габриэлла Баттаини-Драгони менен жолугушту. Тараптар Кыргызстан ээ болгон Европа кеңешинин Парламенттик ассамблеясынын "демократия боюнча өнөктөш" макамынын, Европа кеңешинин "Коңшулук стратегиясы" саясатынын алкагында кызматташтык мамилелердин келечегин талкуулашты.

Баттаини-Драгони Кыргызстанда демократиялык өзгөрүүлөр процесси жандана баштаганын айтып, коңшулук саясаттын негизинде кызматташтык артыкчылыктардын планынын долбоору боюнча маалымат берди. Документ тараптар ортосунда алгачкы макулдашуудан өттү. 

Жээнбеков Кыргызстан парламенттик демократияны бекемдөө боюнча маанилүү кадамдарды жасаган этапта биргелешкен аракеттер аркылуу иштелип чыккан пландын зарылдыгына токтолду. “Биз өлкө тарыхында татаал этапты баштан өткөрүп, парламенттик демократия жолун түшүнүп туруп тандадык. Акыркы жыйырма жыл ичинде эки этникалык кагылышты, эки революцияны баштан кечирдик. Андыктан биз мамлекет турмушунун бардык чөйрөлөрүндө реформаларды жүргүзүү, өлкөдөгү тынчтыктын, туруктуулуктун жана өнүгүүнүн кепилдиги болгон таза, ачык-айкын шайлоолорду камсыз кылуу максатында шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү зарылдыгын жакшы билебиз”,- дейт Жээнбеков. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: