super.kg logo

Никита Пресняков менен Аида Калиева эки ажырым жолго түшүштү

 

Кристина Орбакайтенин уулу, орусиялык ырчы Никита Пресняков менен анын келинчеги актриса, модель, казак кызы Аида Калиеванын эки ажырым жолго түшкөндүгү тууралуу маалымат социалдык тармактарда кызуу талкууга алынууда. Ырчынын атасы аткаруучу Владимир Пресняков уулу менен келининин эки ажырым жолго түшкөндүгү тууралуу маалымат каражаттарына берген маегинде да айтып өткөн. "Мен алардын ажырашканын 20-майда Никитанын өзүнөн уктум. Ага чейин чогуу эле ресторан, театрларга барып жүргөнбүз. Көрсө, алар март айында эле ушундай кадамга барууну чечишкен экен. Никита мени тарткан, көп ачыла бербейт. Эмнеге анысын 2 ай ачыкка чыгарышпады, билбейм. Никита Аиданы аябай жакшы көрчү. Акыркы убакта ал чыгармачылыкка баш-оту менен киришип, өзүн мыкты деңгээлде көрсөтүүдө. Албетте, уулумдун жетишкендиги мени кубантат. Бирок жеке жашоосунда мындай окуяга кабылышы мени кайгыртпай койбойт. Менимче, чыгармачылыгы жеке жашоосуна кедергисин тийгизип койду көрүнөт. Анткени Никита жаңы долбоорго катышып, клиптерди тарттырып, кээде үйгө да келбей калып жаткан. Аида уулумдун жумуш убактысын туура кабыл ала албады окшойт",- деп маалымат берген. 

Ал эми Никитанын башка кыз менен сүйлөшүп жаткандыгы, экөөнүн чогуу түшкөн сүрөтүнүн социалдык тармактарга чыккандыгы тууралуу маалыматка "Мен деле бирөөлөр менен түшкөн сүрөттөрүмдү чыгарам. Билишимче, ал кыз Никитанын курбусу" деген жооп узаткан.

Азырынча Никита Пресняков бул маалымат боюнча эч кандай комментарий бере элек. Бирок Аида Калиева жеке баракчасына "Мени колдогонуңуздар үчүн рахмат! Бирок менин санаа тартып жатканымды кайдан билесиздер? Тескерисинче, мен мындай окуядан кийин күчтөнөм деген ойдомун" деген билдирүүсүн калтырган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
25.06.2014. 14:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Казак кыздары кобу орустарга тийип же болбосо кыз-жигит болуп жашап жургондорум коп угам. Экоо тен чыгармачыл адамдар экен,озулорунун проблеммасы бардыр.
25.06.2014. 15:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кызганычтан келип чыккан го.
25.06.2014. 16:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Никитанын үй-бүлөсү баары ырчы болгону менен түпкүлүгүндө, оргуп чыккан, элдин назарына бачым алынчу өнөрү жок.Албетте,Алланын медиа сүрөөсү менен шоу дүйнөсүнө кыпчылары белгилүү болуп калды.Азиат келиндүү болушун Алла өтө "болезненно" кабыл алды, анткени чечен күйөө баласы буларды аябай туздаган.Пугачёва чоң ырчы бо
25.06.2014. 20:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Казак кыз Никитадан аябай улуу корунот экен
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: