Кыргызстанда үрөн фонддорун өнүктүрүүгө 2,8 миллион доллар грант алынганы жатат
Бүгүн, 25-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргызстан менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы “Коомдук үрөнчүлүк фонддорун колдоо” долбоору боюнча гранттык макулдашуу-катты ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоору каралып жатат.
Мыйзам долбоорунун максаты Коомдук үрөн фонддорунун потенциалын көтөрүү аркылуу айыл чарбасынын өндүрүмдүүлүгүн жогорулатууга көмөк көрсөтүү экени айтылды. Япония өкмөтү Социалдык өнүгүүнүн япон фондунун каражатынан 2,8 миллион доллар өлчөмүндө грант берүүдө. Грант үрөн, жер семирткич, жаңы технологиялар багытындагы иштерге жумшалмакчы. Талкууда акчаны туура пайдалануу боюнча сын-пикирлер, сунуштар айтылды.
Ратификациялык мыйзам долбоору 3-окуудан добуш берүүгө жолдонду.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:59
2025-07-19
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
0

