super.kg logo
  Саясат  

Жоомарт Оторбаев кыргызстандык насыя алуучулар өз милдеттенмелерине жоопкерчиликтүү мамиле кылышарын айтты

 

Бүгүн, 25-июнь күнү Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев КРнын Улуттук банкы жана бир катар эл аралык уюмдар тарабынан уюштурулган “Кичи насыялоо: ийгиликтер, көйгөйлөр жана чечимдер” аттуу эл аралык жыйынга катышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Анда өкмөт башчы кыргызстандык насыя алуучулар өз милдеттенмелерине жоопкерчиликтүү мамиле кылышарын белгилеп өттү.

“Кыргызстандык насыя алуучу насыяга алган карызын өз мөөнөтүндө төлөөгө жөндөмдүү. Бул жергиликтүү коомчулукта бири-бири менен тыгыз өз ара байланыш орун алгандыгына байланыштуу. Мындан тышкары карызды кайтаруу биздин маданияттагы өзгөчөлүк, менталитетке кирет»,- деди өкмөт башчы.

"Өзүңүздөр билгендей, 2012-2013-жылдары кичи насыялоо уюмдары менен иштөө боюнча кызуу талаштар жүргөн. Бул бир жагынан ниети түз эмес салым кылуучулар жана компаниялардын ишине байланыштуу орун алган. Жалпысынан жагымсыз көрүнүштөрдүн алдын алууда калктын финансылык сабаттуулугун көтөрүү, насыялоо процесси тууралуу маалыматты жайылтуу жаатында тутумдуу иш алып баруу керек.

Биз алгач ирет дыйкандарга насыя берүү үчүн пайыздык үстөктөрдү субсидияладык. Жалпысынан 4 миллиард сом бөлүндү. Бажы биримдигине кирүү экономиканын реалдуу секторуна узакка созулган арзан ресурстарды алууга мүмкүндүктөрдү ачат",- деди Жоомарт Оторбаев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: